«Силерди түрмө күтүп турат...»: Депутат Токторбаев «Кыргызиндустриясынын» жетекчилерине

Мамлекетке караштуу «Кыргызиндустрия» ААКтагы эмгек акынын көлөмү тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата Журт — Кыргызстан») айтып чыкты. Бул маалымат парламенттин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин 16-майдагы жыйынында айтылды. Комитетте аталган мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчет каралып, компаниянын президенти Жарасул Абдураимов баяндама жасады. Жыйында депутат Ж.Токторбаев компаниянын жетекчилигинин, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчыларынын жана серепчилердин эмгек акысынын көлөмүн айтты. Депутаттын маалыматы боюнча, компанияда жалпы 65 кызматкер эмгектенет.

Смотрите также