Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Еврипид “Медея” (трагедия) Медея Түбөлүккө антташып, мен өзүм каргыш тийген күйөөмдү эр тутунуп этегинен кармагам. Бечара атам туулган шаар... Бир боорумдун канын жүктөп мойнума, силерден мен бейбак болуп таштап качкам баарыңдан! Бул өмүрдө аяй турган эмнем бар? Мекенби?!. Үйбү?!. Жерби!?.. Бул жалганда карманаарым эрим эле жапжалгыз. Эркек киши “Коргонуңуз” – деп айтышат, бул бекер сөз! Ооба билем силердин өз шаарыңар, үйүңөр бар, өз жыргалың өзүңдө жабыкканда досторуң бар жубатаар... А мен болсом бөтөн элде – жалгызмын. Азапка эрим таштады, калганым ушул – ач белде багымды кудай ачпады. Көрдүӊбү так айтууга тилим жетпей жатканын. Же эр эмес, же шер эмес “байкушмун!” Сени мен куткарып алганмын. Ак кепиндүү ажалдан, жалган эмес бул сөзүм. Катмар-катмар терисинде алтын жүндү каткан, эӊ кыраакы тажаал ажыдаарды өлтүрдүм да, сунган элем сага кол үчүн, сени ээрчитип, бул жарык дүйнөгө алып келгем. Так мен эмей, ким эле?! Анан Пелий падышасын өлтүрттүм, мунун баарын бир сен үчүн иштедим. Анын баарын сен жийиркенбей кабыл алдыӊ! Мына ушунун сыймыгына сен чөп салдыӊ көзүмө. Атасы элеӊ перзенттеримдин. Кайра төшөк жаӊырттыӊ! Кайда, кайда деги өзүӊ берген касиеттүү шерт кайда? Шертибизди бузган сенсиӊ! Андагы арам колдоруӊ менен ак денемди канча ирет аймадыӊ. Шорду башым, аяр гана алдапсыӊ. Бар балээни баштап жаткан Ясон менен жаш ханыша. Ыйык ант – чаңда тепселди, зулумдукка кез келди. Куттуу жерди бүт таштап, уят-сый көккө ирмелди. Эми мына кегимди алаар мезгил жетти – эримден! Креонттун сарайына өрт койгонум туурадыр?.. Жо-ок! Же болбосо төшөгүнө түнөп, бооруна канжар малсамбы? Кармалып калып кор болушум ыктымал. Туура жолдон тайбастан далай сындан өткөн – уу. Токтолдум ушуга. Анда эмесе чечимимди уккула! Эч бир жанга сыр ачпай, өлтүрүүгө киришейин белди бууп. Эгер оюм ишке ашпай баратса “Кандуу башың бери тарт!” – деп ачык кармап канжарды өлтүрүүгө барамын мага десе ажал келсин бетме-бет. Мен Медея – эч бир жанга өзүмдү табалатып коё албайм. Күң жиберип Ясонду өзүм чакыртам. Менин жумшак мамилемди көргөндө көңүлү ачылып жай- ланат. Леондон балдарды коринфте калтыргын деп жалынамын. Куулук кылып, падышанын кызын өлтүрүш үчүн алтын таажы жана ууга чыланган ажайып көйнөк тартуу кылып балдарымдан жиберем. Ал аны кийер замат, жанталашып жатып өлөт азапта! Эч качан Ясон Медеянын балдарына мээрим төгүп кандырбайт. Бирок, өз балдарымды дагы өлтүрөм. Жаш катыны андан презент көрбөйт. Ясондун тукумун жер менен жексен кылам! Мен башкача жаралгам, кек алсам – артык алам, сүйөр болсом ашып түшөм өзгөдөн! Ясон мени кечир! Ачуум менен ашык сөз айттым. Таттуу өмүрсүрдүк... күйүп бышпай кантейин. Бир кезде эриш-аркак жашадык. Оо, Ясон туура иш кылдың Крезге үйлөнүп, байлык күтүп, бекем болот балдардын жана менин да келечегим. Жардам кылбай аткаруу үчүн оюңду, акылсыздык кылдым мен – сүйүктүүм. Ясон балдарымды жаныма алсам болобу? “Атаңардын мойнуна асылып коштогула, мындан ары кектебейбиз”. Кебиме көмөк болсун – Крезге белек берейин. Белекти балдар жеткирсин. Ал белегим экөөбүздүн үйлөнүү тойдо кийген шөкүлө таажым! “Балдарым салтанаттуу сарайга барган кезде атаңардын колуктусуна тапшыргыла бул тартууну. Байкагыла өзү алсын. Жөнөгүлө!”. Эми жол жак артка чегинээр. Балдары өлүм табат, атасына тиет таяк. Мен аны сүйүүнүн курманы кылып, как жүрөгүн жаралап тынамын. Ясон, жүрөгүңдү жаралантам, тукумуңду соолутам! Жазаң ушул, эми балдарыңды көрбөйсүң! Эч кимиң жок эми сен үчүн. Мени кордоп кызык доор сүрбөйсүң! Күлбөйт, эч ким Медеяны табалап. Ханышаӊ да, падышаӊ да көрдүӊ го эч кимиси мени кууй алган алган жок! Мени кандай атасаң – өз эркиң, арстан де, желмогуз де... Менин алтын кулундарым, колуӊарды созгулачы, дарыгер мага дары берди ачуу эмес, муну ичип алсаңар, чоңоюп атаңардай күчтүү болуп каласыңар. Сен да ич кенжетайым, келгилечи кучактайын. Силерди жыттап моокум канмакпы. Мен терметем ширин укта берекем, караңгы түн маңдайыңдан сыласын. Апакеңдин жылуу-жумшак колунан – сенин өмүрүң жайнап туруп муздасын! Сен жүрөгүм бекем бол! Кандуу колум канжарды алгын! Мен балдарыма эне эмесмин. Бизге белгисиз караңгы түн – сенин койнуңа балдарымды тапшырдым! #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение