Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Шылтоосу түгөнбөгөн "Дөөлөт курулуш"/ Үйүн күтүп кезергендер/ 1400 үй-бүлөнүн тагдыры
Бишкекте "Дөөлөт" курулуш компаниясына акча төккөн адамдар арызданып чыкты. Аларга 2024-жылдан баштап үйүңөргө киресиңер деген экен. Бирок учурда эки блогунун гана каркасы туругузулуп жасалууда. Калганы жерден көтөрүлбөй турат. Мында 10 блоктон турган 1400 батир салуу пландалган. Компания анын баарын 10 жылга бөлүп төлөө жолу менен сатып бүткөнүн билдирди. Үйүн кезерип күткөн үлүш ээлери курулушту тездетүүнү талап кылууда. Аны менен катар компанияга чара көрүүнү суранып бийлик жетекчилерине кайрылышты. Ал эми "Дөөлөт курулуштун" жетекчилери курулуштун кечеңдешине цемент, кыштын тартыштыгы, Түркиядан келчү опалубкалары кечиккени, кранды жылдыруу түйшүгү, жерден суу чыкканы себеп болгонун айтууда. Үлүшчүлөр муну "жүйөөлүү себеп эмес, жөн гана шылтоо" деп нааразы болушту. Жетекчилер мындан ары да курулушту тездетүүгө чамасы жетпей турганын ачык эле билдиришти. Мындан улам жарандар Курулуш министрлиги комиссия түзүп текшерип кетишин суранышты.