Кыргызча минусовка караоке АЙЫЛГА КАТ тексти менен К.ТУРАПОВ

🎵 Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган Керим Тураповдун "Айылга кат" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен. 🎤КЕРИМ ТУРАПОВ - Айылга кат ырынын үнү бар (плюс) варианты    • КЕРИМ ТУРАПОВ - Айылга кат - кыргызча кара...   🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат. 🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген: ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген; ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган. ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары
☑ үнү жок кыргызча караоке
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар. 🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар. 🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз. 👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ❗ ЭСКЕРТҮҮ: © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз. Керим Тураповдун өздүк ютуб-каналы:    / @kerimturapov5237   #ыркесе #КеримТурапов #АйылгаКат #karaoke_kg #yrkese ====================================================== Керим Турапов "Айылга кат" Сөзү: Надырбек Алымбеков Обону: Керим Турапов ============================ Эски там ээн турат кыштагыңда, "Эбактан ээси жок" деп бузбагыла. Түбү бир тууган болом мен силерге, Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла. Түбү бир тууган болом мен силерге, Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла, Ай, сызбагыла. Бозоргон боз там турса жол боюнда, Боордош бирөө бар деп ойлогула. Ата-энем ак тилектен салган эле, Арбагын унут кылып койбогула. Ата-энем ак тилектен салган эле, Арбагын унут кылып койбогула, Ай, койбогула. Көз салып аз болсо да бак-шагына, Жеримди алакандай сактагыла. Тагдырга айла канча, барбай калсам, Тизмеге балдарымды каттагыла. Тагдырга айла канча, барбай калсам, Тизмеге балдарымды каттагыла. Каттагыла. Тагдырга айла канча, барбай калсам, Тизмеге балдарымды каттагыла. Каттагыла. Каттагыла...

Смотрите также