АСМАН ЖОМОГУ: КҮН ЖАНА АНЫН БАЛДАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОМОК .

Кыргыз элинде байыртан Айга, Күнгө, жылдыздарга абай салып, аба ырайынын өзгөрүшүн, күндүн, жуманын, айдын, керек болсо жылдын кандай болорун алдын ала билип, туйюуп, түшүнгөн элдик астрономиялык билимдер уланып келген. Ал билимдердин ээси эл ичинде санчы, санакчы, эсепчи, табыркачы деп аталган. Ай менен Күндүн ырайына карап Ай-күн жылсанагы, Үркөр менен Айдын аракетине карап, Үркөр-ай жылсанагы калыптанган. Сары жылдыздын (Онай – Юпитер) кыймылына карап кыргыздын жыл сүрүү билими келип чыккан. Ошондон ар бир жылга бир мүчөл жаныбардын атынан аталып, 12 жылдык мүчөл аныкталган. Кыргыздын байыркы астрономиялык билимдеринин үлгүсү чийимташтардан да сакталып калган деген пикирлер бар. Ал эми элдик уламыш жомоктордо күн тутумундагы тогуз планетанын аталыштары, Үркөр топ жылдызы, Чолпон, Сары жылдыз, үч Аркар жылдызы, кичи дөбөт, чоң дөбөт, Жетиген, кичи Жетиген, Алтын казык, Тараза жылдызы, Тоотай мерген, Балбылдак жылдыз, Чөмүч жылдызы жана башка көптөгөн жылдыздардын аталыштары кездешет. Уламыштар демекчи, астроном Абакир Калыбеков элдик уламыштардын арасынан Ай-Күн, жылдыздарга байланыштууларын чогулткан жана өзүнүн да жомогун жараткан.

Смотрите также