Жеңишбек Шамшиев - Билесинби

сөзү: И. Гилязетдиновдуку обону: Ж. Шамшиевдики аткаруучу: Ж. Шамшиев Билесиңби Терезеден тиктеп жарыкты, Термелүүдөн көзүм карыкты. Үмүтүмдү тартып калчуудай, Күдөр үзүп жаным камыкты. Же үмүтпү мени алдаган, Же сүйүүбү мени арбаган. Ким айыпка кылган кириптер, Кишенделип чыга албаган. Шаңкар тоодой булут чулгаган, Ойлор басып бирөө турду араң. Убалымдан менин коркпостон, Уйку, сүйүүм сенсиң уурдаган. Эркем укта, өчтү жарыгың, Эмгек этип балким арыдың. Өмүр бою жансын жаркырап, Өчүрбөчү сүйүү жалынын.

Смотрите также