Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Апага же атага болгон таарыныч түздөн-түз акчага таасир этет. Бул сыртта эмес, ички дүйнөдө жүрүп жаткан процесстер аркылуу байкалып, жашоого билинбей таасирин тийгизет. Мисалы; 1. Өз баалуулугу төмөн болсо — акчаны кабыл алуу кыйын • Апага болгон таарыныч көбүнчө “мен жакшы кыз эмесмин”, “мени сүйүү мүмкүн эмес” деген терең ишеним жаратып коёт • Мындай учурда, акча табылса да, адам өзүнө акча “таандык эмес” деп сезип, кайра жоготуп коёт • Ашыкча акча келсе, “мен татыктуу эмесмин” деп, өзү билбей саботаж кылат 2. Ата — ички “жоопкерчилик”, “коргоо”, “берүү” энергиясы • Атага болгон таарыныч — бул ишенимсиздик, “мени коргогон эч ким жок”, “мен өзүм жалгызмын” деген сезим • Натыйжада адам дүйнөгө ишенбейт, мүмкүнчүлүктөрдү көрбөйт • Иш баштоодон, акча сурагандан, инвестиция кылгандан коркот 3. Чоң акчадан коркуу • Бала кезде акча жокчулукта өскөн болсо, же ата-эне акча үчүн урушуп жүргөн болсо — чоң акча “коркунучтуу нерсе” болуп катталып калат • Мисалы: “акча келип кетет”, “акча болгон жерде уруш көп”, “байлар жаман” — деген жашыруун программалар 4. Өзүн үзгүлтүксүз жазалоо • Эгер ата же апа сени көп сындаган болсо, сен өзүңдү да ошол эле деңгээлде сындайсың • Акча табылса да, аны “сыйлык” катары кабыл албайсың • Өзүңө акча коротууга уруксат бербейсиң 5. Акча менен мамилени “ата” же “апа” образы аркылуу калыптандыруу • Мисалы, акча “качып кетет” — бул “ата таштап кеткен” сценарий менен байланыштуу • Же “акча эч качан жетпейт” — бул “апа дайыма нааразы болгон” учурларды эске салат Кыскасы: Апа — кабыл алуу, татыктуулук, сүйүү. Ата — ишеним, аракет, туруктуулук. Эгер бул экөө менен байланыш оор болсо — акча менен да мамиле оор болот.