Кыргыз элиндеги улуу сөздөр. Жазып жаттап алыңыз. Турмушта колдоносуз.

Колдо бар алтындын кадыры жок. Кырсык каш менен кабактын ортосунда. Чулдурдун тилин энеси билет. Сөөгү жакшы сөктүрбөйт. Сабырдын түбү сары алтын. Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыкканн өрт жаман. Алдыңа келсе атаңдын кунунан кеч. Келин жаман эмес, келген жери жаман. Алтын башың аман болсо, алтын аяктан суу ичерсиң. Жаманды төө үстүнөн ит кабат. Жалкоо оозу менен орок оруп, көчүгү менен машак терет. Жаман айтпай жакшы жок. Чаап айтканча таап айт. Ырыс оошот, акыл жугат. Бирдин кесепети миңге тиет. Уялбагандан өзүң уял. Адепсизден алыс кач. Ит сөөк жесе арты менен кеңешет. Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат. Баарына жагам деген эч кимге жакпайт. Достуктун каны башка болсо да, жаны бир. Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы? Ач болсоң, Алла де, ток болсоң тообо де. Саламдашпай сөз сураба. Өзөндүү сайга тал бүтөт, өлбөгөн жанга мал бүтөт. Жан бар жерде каза бар. Адамды бузган байлык менен бийлик. Ар ким өз пейилинен табат. Акыл жашта эмес, башта. Уядан эмне көрсө, учканда ошону кылат. Уяда жаткан жумуртка, асмандап учкан куш болот. Балалуу үй - базар, баласыз үй –мазар. Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт. Азаматты жаман деп, баатырды кайдан табасың. Ар бир ийгиликке жеткен адамдын аркасында эне турат. Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң. Өлүм менен конок айтып келбейт. Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет. Акмактын адилеттүүлүгү алсыздын башына түшкөн мушкүл. Ыйманы бардын – ырысы бар. Ырысы бардын – ынтымагы бар. Дүнүйөнүн түбүнө жетпейсиң, байлыкты көрүңө алып кетпейсиң. Эки койдун башы бир казанда кайнбайт. “Мен” күчөгөн жерде ынтымак, достук жана сүйүүнүн тамырына балта чабылат.

Смотрите также