Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси жөнүндө видео маалымат. Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси 2016-жылдын 27- июлунда Жоопкерчилиги чектелген коом «Креатив-Таалим» Билим берүүчү комплекси катары демилгечи мугалимдер Дайырбекова Гулнара Мелисовна жана Карипова Салкын Асанкуловналар тарабынан негизделип, 2016-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция Башкармалыгы тарабынан катталган. Мектептин негизги миссиясы: «Креатив-Таалим»-социалдык жоопкерчилик болсо, ал эми максаты: Терең билим жана татыктуу тарбия аркылуу заманбап коомдо өз ордун таба билген инсандын калыптануусу үчүн бардык шарттарды түзүү. Мектептин окуу-методикалык темасы: «Компетенттүү мамиле аркылуу билим берүү жана тарбиялоонун сапатын өркүндөтүү» болуп саналат. Андыктан, биздин максат, талыкпаган эмгек менен бийиктиктерди багындыруу болуп саналат.