Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
АКШда IT тармагында иштеген кыргыз жигити Көп акчаны өзүбүздүн өлкөдөн деле тапса болот
Баткендин 27 жаштагы кулуну Эсен Ниязов учурда АКШнын Чикаго шаарында IT тармагындагы компанияны жетектейт. Анын Бишкек шаарында дагы IT тармагында компаниясы бар. Балалыгы Баткенде өткөн Ниязов бир топ жылдан бери чет жакта жашап, өзү сүйгөн кесиби менен ишин улантууда. Заманбап билим жаатында көптү үмүттөндүргөн жаш адис Эсен Ниязов келечектеги максаттары, жетишкендиктери, бүгүнкү коомдо IT тармагынын актуалдуулугу тууралуу SUPER.KG порталына маек берди.