Ат-Башыдан конокко келген кемпир өмүрү менен кош айтышкан

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылыныын тушунда Бишкек-Кара-Балта унаа жолун кесип өткөн жөө өтмөктөргө светофор коюлбай жатканына эл нааразы болуп чогулушту. Алардын айтымында, бул жерде жөө адамдын катышуусунда жол кырсык көп катталат. 22 жылдын ичинде мезгил-мезгили менен ушундай кырсыктар болуп турат. Өткөндө жаш балдар чуркап кетип, унаа алдында калды дейли. А бирок, шашпай баскан карылар дагы унаа алдында калып атышпайбы. 70 жашка чыккан Ат-Башыдан келип бечара, ажалы ушул үйдүн жанына жеткенде келди. Ал жолдун жөө өтмөгүнөн өтүп баратканда, бир унаа токтоп калса, экинчи машина «уруп» кетти. Эгер светофор болгондо, кемпир кызылда токтомок же унаа кызылда токтомок.

Смотрите также