Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Азыркы учурда кээ бир энелерибиз “эмне үчүн бала тарбиялоону окуп-үйрөнүү керек? Андан башка маселе калбай калыптырбы? Бизди ата-эне, чоң ата, чоң энелерибиз урушуп эле, керек болсо, уруп эле тарбиялашкан, эч нерсе болгон жокпуз, тескерисинче, тартиптүү болуп чоңойдук. Эми эле “психолог сөрөйлөр” чыгып, адамдардын оюн буза башташты” - деп айтып калышат. Туура, бизди ошентип эле тарбиялашкан, мен дагы сиздердин катарыңыздамын. Бирок, балким, биз жакшы болуп чоңойгон менен запкы жеген, ашыкча ур-токмок жеп, жашоодон безип калган, жашоодон үмүтү жок адамдар да бар арабызда. Андай адамдар мага көп кайрылышат. Сурап келсең, бала чактагы жүрөк кейиткен, көңүлүң чөгө турган окуяларга барып такалат. Демек, бул маселе мурдатан эле болуп келген… Келиңиздер, ушул тууралуу азыноолак кеп кыла кетели.