Mars жаны клип "Гулдой жан" 2022.г.

Созу: Э.Эрматов Обону:Ж.Шералиев Гулдой жан!! Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Ойноп,ойноп алгыла, Ойрон калаар бул дүйнө. Күлүп,күлүп алгыла, Күмүрөң калаар бул дүйнө. [Кайырма] Жашыл жоолук дүрдөй жан, Жаңы ачылган гүлдөй жан. Кызыл жоолук дүрдөй жан, Кыз-келиндер гүлдөй жан. Бурулчанын селкинчек, Бурбай тепчи келинчек. Сүйүмкандын селкинчек, Сүйлөп тепчи келинчек. Биз болбосок өмүрдө, Кызыгы жок кыздар ай. Тамылжыган жүзүңдүн, Кызылы жок кыздар ай. [Кайырма] Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Селкилердин колунан Секин кармап алабыз, Түн уйкудан ойготуп Сарсанаага салабыз [Кайырма]

Смотрите также