1-орундун жеңүүчүсү Канат Таалайбек уулунун поэзия кечеси. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы

Канат Таалайбек уулу Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында поэзия сынагы боюнча 1-орундун жеңүүчүсү. Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жаш акындарды чыгармачылыгын колдоо максатында жыл сайын поэзия сынагын уюштуруп жаңы ысымдарды таанытууда. Быйыл Ысык-Көл жээгинде 22-25–август күндөрү өткөн Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалына 200 ашык акын, жазуучулар, өнөр инсандары, мугалим жана окуучулар чакырылып үч күндүк поэзия фестивалына күбө болушту. Жаш акындар үчүн финалдык бөлүк өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган поэзия фестивалында Канат Таалайбек уулу 1-орунду ээлеп атайын статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Жаш акын "Нур борбор" чыгармачыл ийриминин мүчөсү болуп келген. Жаш калемгерге чыгармачылык эргүү менен албан ийгиликтерди каалайбыз!

Смотрите также