Жаңылыктар | 11.09.2025 | Орусиядан 73 миң кыргызстандык чыгарылышы мүмкүн

Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши карала баштады. Буга чейин төрт жылдык пробацияга кесилген журналистке өкүм өзгөрүшү мүмкүнбү? Орусиянын дрондору Польшанын аба мейкиндигине киргени тууралуу маалыматтар тастыкталды. НАТО бул окуяны атайылап жасалган аракет деп эсептесе, Варшава муну "агрессия" деп атоодо. Орусия дрондорунун НАТОго мүчө өлкөнүн аймагына кириши Украинадагы согушка кандай таасир этет? Кыргызстандын 73 миңден ашуун жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилди. Эми бул жарандар Орусиянын аймагынан күчтөп чыгарылышы мүмкүн. Расмий Бишкек бул маселени чечүү үчүн аракет көрөбү? #орусия #мигрант #москва #бүгүназаттыкта _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также