Кыргыз элинин даанышман корогоч акыны Калыгул Бай уулу. "Замана"
Калыгул олуянын мындан 200 жыл мурун айткан акыл насааттары. Тагыраагы бугунку замандын таржымалын айтып откон. КАЛЫГУЛ ОЛУЯНЫН АЙТКАНДАРЫ ; Дүйнөдө турмуштун талуу жана татаал маселелерин талдай билип, башкалар көрбөгөндү көрө билген, доордун добушун тыңшап, тамырын кармаган нечен бир акылгөйлөр өткөн. Бирок ошол орошон ойчулдар менен даркан даанышмандардын арасында да алыскы келечектин кебетесин байкап, турмуштун кай жакты көздөй бет буруп, тарых кай жакты көздөй сүрдүгүп баратканын алдын ала сезген философтор, акылмандар менен көзү ачыктар өтө деле көп эмес. Кыргыз тарыхындагы ошондой көрөгөчтүк, олуялык касиети бар сейрек инсандардын бири, ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы тар заманды, башкача айтканда колониалдык оор заманды жана кийинки кылымдагы Үркүн баштаган зар заманды алдын ала билген акылгөйлөрдүн бири - айтылуу Калыгул олуя болгон экен. #акылман #корогоч #олуя #акын #даанышман #ырсаптар