Кыргызстан. Сталин Америка, Англияга бербеген жаңгак токой...

Арстанбап дегенде эле дүйнөдөгү башка токойлорго окшобогон жаңгактуу, жашыл токой көз алдыңа тартылат. Адистер да дүйнөдөгү эң ири бул жаңгак токой уникалдуулугу менен айырмаланарын айтып келишет. 1943-жылы Тегерандагы жолугушууда Англиянын премьер-министри Уинстон Черчилль Сталинден Арстанбап токоюн 50 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга сурап, оң жооп ала албаганы айтылып келет. Илимпоздор жаңгак токойлор 45 млн жыл мурда же азыркы ландшафт акыркы климаттык өзгөрүүдөн кийин пайда болгон дешет. Жаңгактын мекени болгон Арстанбап токою боюнча түрдүү пикирлер арбын. «Арстанбап-Ата» токой чарбасы 1947-жылы түзүлгөн. Учурда токойдун жалпы аянты 19 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 5 гектары мөмөлүү жаңгак дарагы каптаган аянт катары эсептелет. Толугу менен

Смотрите также