Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылыбыздын тургуну Жамбыл агабызга 4 бөлмөлүү заманбап ак өргө салып беришти
28-апрель күнү биздин Үч-Терек айылыбызда сүйүнүчтүү күн болду. Биздин айылыбыздын 1981-жылкы 1998-жылы бүтүргөн 20 жылдык классташтар айылыбыздын жараны Жамбыл агабызга 4 бөлмөлүү заманбап ак өргө салып беришти. Бул саамалыкка Үч-Терек айыл өкмөтүнү өкмөтүнүн башчысы Нурлан Токтогулович, айылдык кеӊештин депутаты, Тагайбек Максатбекович, айылыбыздын аксакалдары, Жамбыл агабыздын ага-туугандары, коӊшу-колоӊдору, дос-тамырлары жана 20 жылдыктын балдар –кыздары катышышты. Келген коноктор Жамбыл агабызга каалоо-тилектерин айтышып акчалай жана материалдык белек-бечкектерин тапшырышты. Жамбыл ага ак өргө жайлуу болсун! Ушул жерден агарып-көгөрүп, очор-бачар үй-бүлөлүү болуӊуз!