Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Туу көтөрүп кол баштаган Торгой Баатырдын 300 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди
Туу көтөрүп кол баштаган Торгой Баатырдын 300 жылдык мааракеси күн мурун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылындагы ат майданда жогорку денгээлде белгиленди. Мааракелик иш-чара ат оюндары, спорттук оюндар жана концерттик программада өттү. Салтанатка Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тарыхчы-санжырачылар жана райондун жашоочулары катышты.