Кытайлык кыргыздарга жолугуу (2-бөлүгү)

(Аягы. Башталышы мындан алдыңкы видеодо). Өткөн сентябрь айында мага “Кытайдан Сизге Осмон ажы жолуккусу келип жатат” деп чалып калышты. “Мен унаа менен Ошко жөнөп жатат элем. Бишкекке кайтканымда жолугайын” десем, алар “Осмон ажы да Ошко жөнөп жатат” дешти. Ошко келгенимде Кара-Суу районунда ата-энебизге Куран окуталы деп Октябрь айылыбызда жети бир тууганыбыз чогулдук. “Ошко келдик эле. Жолуга аласызбы?” деп чалып калышты. “Азыр бир туугандарым менен ажы ата-энебизге Куран окуп жаттык эле. Андан көрө силер бул жакка келгиле - болгону Оштон 22 км” десем, алар “Жок, бир саар менен Папанга жөнөп жатабыз” деп жооп беришти. “Анда Папанда жолугалы - биз дагы эрте менен Папандагы карындашыбыздын үйүнө барабыз” деп макулдаштык. Папанга түштө жетип, карындашымдын үйүнөн Осмон ажыга чалсам, ал айылдан аэропортту көздөп чыгып кеткенине 15 минут болуптур. Кайра жолуга албадык!… Мына эми бир айдан кийин, 15 октябрда Бишкектен Осмон ажыга жана анын бөлөсү Гайыпназарга жолуктум… #кытайкыргыздары #кызылсуукыргыз #кытайкызылсуу #майлысуу #ажылык #мургаб #мургабкыргыздары

Смотрите также