Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенже ДҮЙШЕЕВА: “Жылуу кепке берешенмин”

“Ой медиа” каналынын “Менин дүйнөм” рубрикасынын бул жолку каарманы – КР Эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшеева. Ырчынын сахнадагы чыйыры отуз жылга аяк басты. Жаш кезинен тарта “Кыз бурак” аттуу чоң музыкалык топтун жүгүн аркалап келсе, кийин жалаң жигиттерден “Жебе” тобун кураган. Учурда аларды туурдан учуруп, ар биринин жеке жолун улап кетишине көмөкчү. Ушул тапта жеке чыгармачылыгын улантуу менен элдин эстрадагы сүймөнчүктөрүнүн бири. “Өзгөн өнөрпоздорунун” башын бириктирип, кезегинде Өзгөн мунарасынын маанисин белгилеп, дүйнөгө таанытууну максат кылган Маданият мунарасы фестивалын уюштуруучулардын башында турган. Ошол менен бирге эле өнөрү менен өжөрлүгү төп келишкен таланттарды байкаса, элге тааныштырып, чыгармачылык тушоосун кесип же ири бир кечесин уюштуруп бергенден ырахат аларын белгилейт бүгүнкү каарманыбыз Кенже Дүйшеева. Эмесе, ырчынын жан дүйнөсүнө болгон саякатыбызга күбө болуп коюңуздар, көрүүчүлөр! Бул жолу бизге айтылуу “Алтын казына” ресторанынын караоке клубу эшигин ачты. “Оймедиа” каналынын “Менин дүйнөм” рубрикасы “Алтын казына” ресторанынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирет! Журналист Айнагүл Сапарбек кызы #кенжедуйшеева#алтын казына#айнагулсапарбек#кыргызырлары#оймедиа#oimedia#Өзгөн#rкыргызстан#

Смотрите также