Орусиянын президенти Владимир Путин “Азербайжан аба жолдору” компаниясынын учагы кабылган кырсык үчүн Москва жооптуу экенин моюнга алып, жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн убада кылды. Тажикстандагы “Борбор Азия-Орусия” саммитине алты өлкөнүн президенттери катышты. Анда кыргыз президенти Садыр Жапаров бул форматтагы биринчи саммиттен бери Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы оң жагына өзгөргөнүн айтты. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мындан 11 жыл мурда киши колдуу болуп, бир катар саясатчылардын да аты аралашкан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди. #бүгүназаттыкта #путин #алиев #азербайжан _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -