Асан Сапаркулов - ЖАШ КУРАК | Audio version

Асан Сапаркулов «ЖАШ КУРАК» с: Ж.Жээнбеков о: Р.Сатыбалдиев Мезгилдин гүлү жазгы убак, Өмүрдүн гүлү жаш курак. Жаштыгың өтүп кеткен соң, Жаш кезин кимдер сагынбайт. Билинбей өткөн турбайбы, Сезилбей кеткен турбайбы Алтындай болгон жаш курак. Сүйүүнүн гүлүн аралап, Гүлдөгөн экен жаш курак. Кыярып бара жатабыз, Чачтарга кирип ак бубак. Мезгилдер алга шашылат, Алыстап бизден жаш курак. Чачтарга кирдиң ак бубак. Мезгилдин гүлү жазгы убак, Өмүрдүн гүлү жаш курак. Жаштыгың өтүп кеткен соң, Жаш кезин кимдер сагынбайт. Билинбей өткөн турбайбы, Сезилбей кеткен турбайбы Алтындай болгон жаш курак. Мезгилдер алга шашылат, Алыстап бизден жаш курак. Чачтарга кирдиң ак бубак. #monomedia

Смотрите также