ЖАШТАР || Болот Назаров

Кыргыз көчү түзөлүп бараткандай Кыргыздын багына да таң аткандай, Келечектин ээлери жарайсыңар, Кыйын мезгил кыйындарды жараткандай, Бирок аттиң: Жалынын жаштыгына эш кылалган Жаштар бар жетик туура иш кылалган Саясатчы сөрөй бир агалар бар, Пайдаланып жаштарды пиш кылалган. Иш кана тургай дагы иши да жок Лицензия берчү ишке киши да жок Башкарманын башы жок аа ишкердин Иш истеп үйгө келсе ити да жок Кагаздарга кол койчу адамдарга, Каржыңан бөлүп берип тиштетпесең. Буз замандын талабын аткарбайсың, Билгениң илгениңди иштетпесең. Жармачака жардам берип бакмак тургай, Жан багып кете албайсың Бишкекте сен. Ушундай жагдайларга кубарышып Уйалчаактар жатат десем уйалышып. Жатыптыр кем багагалдан үй алышып, Байкушту жерге катып жерин тартып, Алган адам ак үйдө ат салышып. Жүздөгөн милондорду катып алып, Жүрөт дейт эл ишине күч салышып. Уйалчак суранчаактар ушул өңдүү, Депутаттык мандат алып кашкайышып. Шайлаган өз элине каш кагышып, Кыймылсызда кыймылдуу мүлктүн баарын, Кымырып казынага баш багышып. Алгандар бизди жүрөт башкарышып Абасы сен буларды көрөсүңбү. Камандаңдан камандарды бөлөсүңбү, Айланаң жемкорлорго толуп турса, Эл менен эркин өсүп өнөсүңбү. Абасы чындап эле көрбөйсүңбү, Акча мол кайгысы жок дардаңдарды Ак үйдүн ичин бийлеп ээлеп алып Аксиянердик коом кылып алгандарды. Карызын кутулбастан мекенимдин, Кайра эле карыз алган атабызбы. Азияга күрөө тамыр жетим тоонун, Ак мөңгүсүн кошуп туруп сатабызбы. Кетилген жер бүтөсө курулабы Керектүү тетик болуп курулалы Курал кылбай жаштарды агаларым, Кураштырып иш кылууга угунарбы. Куураган эл жагдайын эптеш үчүн, Кузгундарды кустуруп тескеш үчүн. Биринчиден ичиңден быдыратып, Быркыратып, чыркыратып, кетпеш үчүн. Кыйнчылык артында күч сакталуу. Кур намыстын артында кек сакталуу, Боо түшүп бириндебей бириге алсак, Болочокко барабыз бек сакталуу. Үйрчүл малдын өзү үлгү болсун Уйумчул боло албаган адамдарга Уйушуп уйуп бара аларбызбы Умтулуп улам жаңы кадамдарга Бирлигиңде, тирлигиң, далилденсин Бир бириңе, бир бириң кандаш демсиң. Кулалыдан кушка айлантып курамадан, Журтка айланткан Айкөлдүн каны сенсиң. Ар замандын жаштары ал андыктан, Ата журттун мекендин жаны сенсиң Күрөштө бирикпесең күүлү жаштар, Күнөкөр айыптуусу дагы сенсиң. Таза жаштар таза өлкөнү курбайлыбы Тагдырдын чийме жолун бурбайлыбы Колбашчы жаштар чыкса бизден кийин, Жол башчы ага болуп турбайлыбы. Жазылган бир китептин жакшы ырындай, Жан дүйнөгө төңкөрүш кылбайлыбы. Улуу кичүү муундар биригишип, Урпакка улуу мурас сунбайлыбы Улутмандар биригип ушундайда Улуу кыргыз дөөлөттүн курбайлыбы

Смотрите также