Ноокаттык жеке ишкер Хосилжон Акбаров балдарды кубантты!

Бүгүн, 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата Ноокат шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, Социалдык коргоо башкармалыгы, Райондук маданият үйү жана жеке ишкер Акбаров Хосилжон тарабынан концерттик маанай тартууланып, белектер тапшырылды. Иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев жана Ноокат шаарынын мэри Бекболот Эгеналы Уулу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Шаар мэри шаар аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга жылуу каалоо тилектерин билдирди. Ата-энелер уюштуруучуларга жана жеке ишкер Хосилжон Акбаровго ыраазычылыктарын билдиришти. Жеке ишкер өздүк эсебинен жылуу төшөнчүлөрдү, жылуу бут кийимдерди белеке берип, стимул көрсөттү. Иш-чара балдардын аткарган жеке номерлери жана Ноокат Райондук Маданият Бөлүмү тарабынан маданий-музыкалык программа тартууланып, өспүрүмдөрдүн көңүлдөрү көтөрүлдү. Эске салсак, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы “Ош облусунун аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү” үчүн бир айлык жарыялоонун алкагында ишке ашырылды. ***** Ноокат Шаарынын Мэриясы Мэрия города Ноокат - официальная страница

Смотрите также