Жаңылыктар | 28.06.2024 | Бишкекте автогаз тартыштыгы жаралды, дебатта Байден менен Трамп беттешти

Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталган кабарчылар күнөөлөрү далилденбегенин билдиришти. АКШда Жо Байден жана Дональд Трамп президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебатта беттешти. Бул арада Иранда авиакырсыкта каза болгон өлкө башчысынын ордуна мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралды. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарды. #трамп #байден #бүгүназаттыкта #жанылыктар _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также