Кыргызстандан Орусияга оор жүк ташуучу унаа менен күндөлүк керектелүүчү товар ташыган айдоочулар аларды жөнөткөн компанияга нааразылыгын билдирип, 27-сентябрда Кант шаарында кеңсесинин алдына чогулду. 9-сентябрдан бери Казакстандын Орал шаарында казак-орус чек арасынан өтө албай турганын айткандар айласы кетип, унаасын таштап Кыргызстанга кайтууга мажбур болгонун билдиришти. Алар компаниядан күнүмдүк чыгымдарын жабууну жана товарын машинасынан түшүрүп алууну талап кылууда. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -