Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргызстандагы башы көрүнгөн иш билги ректорлордун бири Каныбек Исаков кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырат. Каарманыбыз мындан аркы убактысын илимий иштерине, чыгармачылыгына арнайт. Муну он бир жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келе жаткан Исаков “Ынтымактын” “Аброй” программасына берген маегинде белгиледи. Ректор-реформатор Каныбек Исаковдун артыкчылыктарын бир нече сүйлөм менен жазып берүү мүмкүн эмес. Программаны тартуу учурунда ал телефон чалууларга жооп берип, кесиптештери, өнөктөштөрү менен маселелрди талкуулап, тынбай сүйлөшүп жатты. Интервью берүү мезгилинде да биз менен маектешкени менен, бүтпөй калган жумуштарын ойлоп жаткандай сезилди. Антпесе да болбос, себеби илим, билим берүү, технология ылдам өнүккөн доордо университетте заман тенденциясынан калтырбай өзгөрүүлөрдү киргизип, студенттердин сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп туруу керек. Азырынча бул миссияны Каныбек Исаков мыкты аткарып жатат.