Ууга чыланган шекер - Coca Cola.

Кока кола жыл сайын миллиондогон долларларды жарнама үчүн сарптайт. Бирок жарнамаларында өндүрүштөрүнүн өзүн, жылаңач сатуунун ордуна бактылуулук, достук, ынтымактуулуктун ирмемдерине ороп туруп сатышат. Психолог жана маркетологдордун айтымында мунун баары акыйкатты жашырууга багытталган ойду чачыратуучу аракеттер. Анткени компаниянын үстүнөн олуттуу көрүнүштө айыптоолор бар. Оору, кургакчылык, диктатура, экологияны булгоо, күнөөсүз наристелерди өлүмүнө себеп болуу, бир канча согуштарды каржылоо ж.б. толтура кылмыштар кока кола бөтөлкөсүнүн мойнунда асылуу турат. Бөтөлкөңүздөн бул кылмыштарды көрө албай жаткан болсоңуз, анда биздин телескоп аркылуу дыккаттуулук менен карап көрүңүз

Смотрите также