Атам менен мына табыштык дегенде каза болуп калды

КР эл артисти Асылбек Өзүбеков: Келинчегим менин өзүмдүн айылыман. Каникулга келип калабыз. Апам ошондо дайыма айтчу: “ай, Асылбек, Сүйүн, атаңар мыкты адам, барып тургула”, - деп. Биринчи курста эле көп нерсени түшүнүп, көрүп калган учуруң да. Сүйүн экөөбүз жетелешип алып барып турчубуз. Ушундай төгүлүп, тим эле байкуш чачылып тосуп алчу. Үйлөнгөн Турсун деген бир аял менен жашап жаткан, бирок экөөнүн ортосунда бала жок болчу. Ал апабыз да мыкты аял болчу. Төгүлүп, чачылып, балекет-мээнетиңерди алайын деп дасторконун жайып... Тилекке каршы, 1976-жылы мен 2-курста окуп жатканда каза болуп калды, 51 жашында. Эми түшүнүшүп, эми аралашып, барышып-келишип, бир таяныч кылайын, таканчык кылайын деп турган маалда өтүп кетти. Арманым, ызам, көп ойлорум ичимде калды. Өкүнүп калдым, аябай өкүнүп калдым. Атамдын кандай киши экенин кийин изилдедим, мыкты киши болгон экен, мыкты иштерди жасаган экен. Ал эми үй-бүлөлүк жашоо – бул эки адамдын өздөрүнүн жашоосу да.

Смотрите также