Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
3- сабак. Айбек Дайырбеков - Эмоцияларды тааный билүү, Эмоцияларды кантип пайдалуу жакка бурабыз
Видео тууралуу учкай маалымат (описание): "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кино лагеринин негиздөөчүсү жана кинорежиссер Айбек Дайырбеков "Жаңырейшн чакырыгы" креативдүү олимпиада алкагында өткөн онлайн-лагердин катышуучуларына “Эмоцияны кантип башкаруу керек” турмуштагы болор-болбос конфликттердин чоң чыр чатактарга айланып кетүүсүнүн кантип алдын алуу керек, жалкоолукту жеңе билүү жана коомчулуктун алдында коркпой, сүрдөйбөй кантип сүйлөсө болот, ушул сыяктуу кеп кеңештери менен бөлүштү. "Тайм коду: 00:00 – Интро 00:05 – Учурашуу жана окуучулардын берген суроолоруна жооп берүү менен башталды, (Эл алдына чыгып сүйлөөдө сүрдү кантип жоготсо болот?) 03:30 – Эмоцияларды кантип башкарса болот? 08:05 – Жалкоолуктан кантип качыш керек? 12:45 – Туура кесипти кантип тандаш керек? 16:35 – Максатты туура тандоо, аны сатпоо 22:22 – Эмоцияга алдырбоо 31:05 – Максатка жетүү үчүн ишеним күчтүү болушу керек 37:00 – Конфликтти чечүүнүн жолу, эмне сага дискомфорт жаратып жатса ошонун үстүндө гана сүйлөш 39:50 – Эмоцияны, коркууну жеңе билүү үчүн, Өзүңдү таануу керек 42:15 – Стрестти же негативди жеңүүнүн бир жолу, ачууң келип турган учурда абалды өзгөртүү 45:20 – Конфликтти күчөтпөө үчүн каршылашты актаганга аракет кылуу 47:20 – Жыйынтыктоо жана суроолорго жооп берүү 52-03 – Outro"