Юрий Гичко Эстониядан Кыргызстанга 1992-жылы Советтер союзунун паспорту менен келгенин айтат. Бирок көп өтпөй паспортун жоготуп алган жана ошол бойдон Кыргызстандан кете албай калган. Учурда Юрий 50 жашта. Ал күнүмдүк иштер менен алектенет. Ким экенин тастыктоочу документи болушу үчүн кыргыз паспортун алууга аракет кылууда. Бул үчүн ага Эстония тарап түпкү документтерин тастыктап бериши зарыл. Учурда Кыргызстандын Акыйкатчы институту Юрийдин ишин көзөмөлгө алып, Эстониянын тиешелүү органдарынан тиешелүү маалыматтарды алууга аракет кылууда. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору “Настоящее Время” телеканалынын Балтиядагы кызматы менен биргеликте даярдады. Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #migrantmediacentralasia #кыргызстан #эстония _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -