Мар Байжиев | Кылмышка бир секунд калганда | аудио китеп

Жазуучу Мар Байжиевдин атасы Ташым Байжиев кыргыз адабияты, сөзүнүн бүгүнкү калыпка келишинин башында турган чыгаан инсандардын бири болгонун көпчүлүк, өзгөчө азыркы жаштар, көп деле биле бербесе керек. Адабиятчы, сынчы, драматург, «Манас таануучу» катары анын эмгеги зор. Ал кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болгон. Учурунда сталиндик репрессиянын куугунттугунан жабыркап, борбордук азиялык канчалаган мыктылар эзилип, түрмөлөрдө, лагерлерде чирип кетишти... Ошолордун катарында Ташым Байжиев да болгон. Ал 1950-жылы камалып, Караганда лагерине айдалып, эки жылдан кийин ал жакта каза болот. 1955-жылы акталган. Кечээ гана ошондой эле тагдыры окшош казактын мыктысы Миржакып Дулатов жөнүндө сериал көрүп, кийин анын кызы Гүлнар Дулатова «эл душманынын кызы» катары өмүр бою кандай азапты баштан кечиргенин көрдүм эле... Ошондон улам ушул сыяктуу оор тагдырды баштан кечирген Мар Байжиев эсиме түштү да, жазуучунун өз атасы, «эл душманынын уулу» катары көргөн кордугу жазылган аңгемеси эсиме түштү. Мар Байжиев ошол аңгемесинде жазгандай, «Адамдар акыры чындыкты билет, атаңдын арбагына сыйынып таазим кылат. Сен адилет үчүн күрөш! Чындык үчүн жашагын!» Мар Байжиевдин башка чыгармаларын да угуңуз:    • Мар Байжиев | Бир тоголок самын | ауд...      • Мар Байжиев | Ууру катын | аудио китеп      • Мар Байжиев | Арбак урду | аудио китеп      • Мар Байжиев | Жаңылуу | Аңгеме | Ауди...      • Мар Байжиев | Бир кемпир | | Аңгеме |...  

Смотрите также