Ысык-Көлдөгү сел: 500дөй турак үй, 3 социалдык мекеме жабыркады

Бүгүн, 20-августта Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 755 адам, 59 атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты. Ал эми облустук жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер тартылды.

Смотрите также