“Армияга соо кеткен баламды оорукчан кылып кайтарышты”

Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын 19 жаштагы уулу Бакыт Базарабев бир нече жолу медициналык комиссиядан өтүп, армияга жарактуу деп табылгандан кийин былтыр күзүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Бир аптадан кийин анын ооруп жатканы тууралуу жакындарына кабар келип, кийин Бишкектеги ооруканалардын биринен дарыланып чыкты. Ооруканадан чыккандан кийин Бакыт аскерде токмок жегинин "Азаттыкка" айтып берди. Министрлик бул маалыматтарды четке кагууда. #армия #зомбулук #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также