Ыймандан дилим тазарат - Надырбек Алымбеков.

1944-жылы Талас районунун Козучак айылында туулган. 1967-жылы Ташкент текстиль институтун бүтүргөн. 15-жыл бою Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында (ХБК) катардагы инженерден генералдык директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ошол жылдары инженер катары да, башкы директор катары да комбинатты куруу жана монтаждоо иштерине баштан аяк катышкан. Ошол кезде комбинаттагы жалпы жумушчулардын саны 12 миңге жеткен. 1981-1983-жылдары Ош шаардык элдик контролдоо комитетин жетектеген. 1983-жылы ошол учурдагы Кыргызстан КП БКнын чечими менен Кара-Балта килем комбинатын курууга жөнөтүлгөн. 1998-жылга чейин аталган ишкананын башкы директору болуп иштеген. Эмгек жолунда 10дон ашык жетекчи-директорлорду даярдап чыгарган. Надырбек Алымбеков таланттуу инженер катары ойлоп табуучулук сунуштар боюнча СССРдин лауреаты жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу. Өлкөнүн өнөр жайына сиңирген эмгеги үчүн бир нече орден-медалдардын жана ардактуу наамдардын ээси. Ал коомдук ишмер катары да, өндүрүш жетекчиси катары да көп жылдар бою шаардык, областтык кеңештин депутаты болуп иштеп келген. 1996-жылдын 28-ноябрында Кыргызстан Жазуучулар Союзунун чукул чакырган пленумдун, андан кийин кезексиз ХII-съездинде аталган союздун төрөгалыгына шайланган. Бул кызматта 2004-жылдын аягына чейин иштеген. Эки жолу ажылык сапарга барып келген.

Смотрите также