✅60 жылдан кийин асфальт басылган эки көчө пайдаланууга берилди

🔹Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык башкармалыгындагы Саидов жана Моминова көчөлөрү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. 🔹Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар катышты. 🔹Бул кесилишкен көчөлөргө 60 жылдан кийин быйыл мэрдин тапшырмасы менен асфальт төшөлүп, жолу кеңейтилди. Жолдун эки четине тротуарлар жасалып, лотоктор орнотулду. 🔹Моминова көчөсүнүн узундугу 1,6 чакырым, кеңдиги 20 метрге жетет. Ал эми Саидов көчөсүнүн узундугу 1,2 чакырым, кеңдиги 23 метрге чейин. _______________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также