Абдуллах бин Масуд. Куран мугалими!

Аллахка кул болуу б.а. Абдуллах болуу ар бирибизди негизги милдетибиз. Бирок тилекке каршы унутуу деген нерсе табиятыбызда бар болгондугу үчүн көп нерселерди унутабыз. Көп нерселердин катарында кул экендигибизди да унутуп коёбуз! Аллахка болгон кулдугубузду башка нерселерге кул болууга алмаштырып алабыз. Кимибиз өз напсибизге, кимибиз жетекчиликке, акчага, макамга айтор Аллахтын жараткан макулуктарына жетүү үчүн же аларды ыраазы кылуу үчүн Аллахтын буйруктарынан да алыстап кетебиз. Абал ушундай болгондон кийин Аллахка кул болуунун үлгүсүн көрсөтүп кеткен сахабалардын жашоо бейнесине күн алыс үңүлүп турушубуз, күн сайын ыйман акыйкаттары менен алек болушубуз кажет. Бүгүн сиздерге Курандын төрт улуу мугалиминин биринин өмүр баяны менен келдик. Ал Куранды Жабраил а.с.дын окугандыгы сыяктуу окучу. Өзүнүн Куран окушу менен Пайгамбарыбыз савды деле бир нече жолу ыйлаткан экен. Анда узун сөздү кыскартып кезектеги сахабанын бейнесине сүңгүп кирмекчибиз. Бүгүнкү каарманыбыз - Абдуллах ибн Масуд.

Смотрите также