Орусияда тигүүчүлүк кылып акча тапкан кыз-келиндер
22 жаштагы Адина Акматалиева Москвада тигүүчүлүккө үйрөткөн цех ачты. Анын шакирттери Орусияда миграцияда жүргөн кыргызстандык кыз-келиндер. Адина бул ишти мындан эки жыл мурун баштаган. Ал эки айлык баласы менен үйдө отуруп шейшеп тигип, Инстаграм аркылуу сата баштаган. Адина Москвада бул ишке кызыккан кыз-келиндерди да окутууда. "Орусияда баласы менен үйдө отурган айымдар үчүн бул иш абдан ыңгайлуу”,- дейт ал. Видео: “Мигрант медиа” #MigrantMediaCentralAsia _________________________________________ "Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз. Шилтемеси: IOS Android Биздин сайт - Instagram - / / Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб - / @azattykradiosu Телеграм -