Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Кел кел" 1-бөлүм Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча
"Кел кел" 1-бөлүм Кыргызча окуяларды сайтка кирип окусаныздар болот. КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ! КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ! Адам Алладан башка эч кимден эч нерсе күтпөгөн учурда гана бактылуу болот. Адамдарга ишенсең жарым жолдо жылаңач, ачка калып кетесиң. Адамдарга өз баасынан артык бааны, кымбатты бербеш керек. Эгер ашыкча баа берсең калган айырма баа үчүн сенин жүрөгүңдү оорутат. Көбүнчө адам башкалардан көп нерсе күтөт, качан күткөн нерселерин ала албаганда капа болот. Бизге эч ким эч качан эч нерсе кылып берүүгө милдеттүү эмес. Жакшылык адамдардан эмес, Алладан гана кайтат. Бирөөгө жардам берсең, анын ордуна эч нерсе сураба, күтпө. Болбосо жакшылыгыңдын сообу, баасы бир тыйындык болот. Жакшылыктын баасы жок. Эгер жакшылык бааланса, анда ал жакшылык эмес. Жакшылык кылдыңбы дароо унут. А бирок бирөө сага жакшылык кылдыбы аны эч качан унутпа. Туугандардан, достордон эч кимден эч нерсе күтпө. Эч кимден эч нерсе күтпөгөн адам өзүнө гана ишенип, көңүлү оорубай, өзүнү бактылуу сезет. Биз 5 сомдук адамга 10 сомдук баа берип, ал адам калган 5 сомдук үмүтүбүздү актабагандыгы үчүн ага капа болобуз, көңүлүбүз калат. Көпчүлүк көңүл калууларыбыздын себеби мына ушундай. Эч качан эч кимге өз баасынан жогору баа бербе, болбосо азабын өзүн тартып каласың. Адамдан бир нерсе күтсөң, үмүт кылсаң эртең жарым жолдо жылаңач, ачка калып кетесиң. Адамдарга берген үмүттөрүбүздүн, ишеничтерибиздин кайра өзүбүзгө бычак болуп келип сайылышына өзүбүз күнөөлүбүз. Ал адам биз күткөндөй болбоосун билип туруп дагы өткөндөгү сабактарды өздөштүрбөй туруп кайра эле адамдарга ишене беребиз. Качан эч кимден эч нерсе күтпөй жашасаң мына ошондо бактылуураак жашайсың. Жакшылыктардын баары Кудайдан гана келерин эсиңе Өзүнүн жаман кылык жоругун ХАРАКТЕР деп актагандар. -Бул характериңдин эле начардыгы эмес,тарбияңдын да начарлыгы! Кандай эле башкага ишиң түшкөндө акелеп жакелеп кареги мн тең айланып каласың да башка учурда ХАРАКТЕР болуп калат?!🤔 Демин жутуп, адашкан бу замандын, Деги бир сооп, жасабаган адаммын. Дүлөй болуп, уккан кулак турса да, Дүрбөп кошо, агымында агамын. - Чайын ичип, чындыгы жок замандын, Чындык издеп, көрбөгөн бир адаммын. Чычалабайм, көзүм көрөт а бирок, Чындык көрбөс каректерге капамын. - Таасир алып, тарбиясыз замандын, Тартиби жок, тантык ооз баламын. Тарпы чыккан, турпатым бар ушундай, Тагдырыма мен кичине капамын. Жокчулук, каатчылык жонун кайыштай ийлей берип, жедеп кексе, кыйды кылып таштаган бул кемпир кат тааныбаганы менен кара турмуштун карегинен кан алар эле. -Ыя, ботом, биз тезек терип жүрүп эле, кап көтөрүп келайтып эле, жолдон толгообуз кармап калса, мындай боло берип эле тууп алып, балабыздын киндигин өзүбүз кесип, өзүбүз ырастап, этегибизге орой салып эле, баланы деле көтөрүп, капты деле көтөрүп, эсен-аман үйгө жетип келер элек. Азыркылар да кишиби, чоң чычып койсо деле догдурга чуркап турат,деп нааразы боло берчү. #аудиокитеп #кыргызча #кыргыз #окуялар #шумдук #баян