✅ ОШ: МАМЫРОВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ БАЗАРЛАР ШААР СЫРТЫНА КӨЧҮРҮЛӨТ

🔸 Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктер базарын жылдыруу боюнча соодагерлер менен жыйын өткөрдү. 🔸 Мында эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, кагаз жүзүндө эскертүүлөрдү берди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындары жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда. 🔸 Эске салсак, ушул жылдын 24-июлунда Ош шаардык кеңеши шаар ичиндеги тамак-аш, курулуш, кийим-кечээ, жайма базарларды сыртка чыгаруу боюнча токтом кабыл алган. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также