Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Курманжан датканын көлөкүсүндө калып татыктуу баа берилбеген Алымбек датка
Тарыхый инсан жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдык маарекеси Алай районунда мамлекеттик деңгээлде белгиленди. Даткага арналган той дээрлик 3 күнгө созулуп, өзү байырлаган Жошолуда этно-шаарча түптөлдү. Маданий-спорттук оюндар боюнча сынактар уюштурулуп, Кыргызстандын жети дубанынан жана кошуна мамлекеттен коноктор келишти. Байгеге батир, автоунаалар, акчалай сертификаттар коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Майрамдык салтанат кечээ, 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйынтыкталды. Өлкө башчы алгач Гүлчө айылында Алымбек датканын эстелигине гүлчамбар коюп, андан ары Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты. Садыр Жапаров Алымбек Датка көрө билген көсөм жана кеменгер мамлекеттик ишмер болгонун, аны менен иш-чарага катышкан түздөн-түз урпактары эле эмес, бүткүл кыргыз эли сыймыктанарын куттукттоо сөзүндө белгилеген. Салтанаттын жүрүшүндө Гүлчө айылына шаар статусу берилери маалым болду. Бул тууралуу өлкө башчы тапшырма бергенин жана ифраструктурасын өнүктүрүүгө акча бөлүнөрү да айтылды. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 / @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар