АК-ОРДОДОГУ ОКУЯ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЖАГДАЙЛАР АЧЫКТАЛДЫ

Ички иштер министрлиги Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаранга байланыштуу кененирээк маалымат берди. ИИМдин маалыматына таянсак, кылмышка шектүү жаран окуядан кийин Караколго кеткен. 7-октябрда Бишкекке келгенде ИИМ тарабынан кармалган. Кылмышты моюнга алып, кылган аракеттерин көрсөтүп берген. Тергөө эксперименттеринен кийин Каракол шаарынан кайтып келе жатканда ал ажатканага барууну өтүнгөн. Аны коштоп жүргөн милиция кызматкери өз колунан кишенди чечип, шектүүнүн экинчи колуна бекитип, ажатканага жиберген. Ал учурда бала качкан. Милиция мыйзамга таянып, курал колдонууга мажбур болгон. #politklinika #акордо #мвд #иим #жаңылыктар “ПолитКлиниканын” патреону
Биздин ишмердүүлүгүбүздү колдогуңуз келсе,шилтеме аркылуу кирип өз саламыңызды кошсоңуз болот!
Биздин соцтармактарга катталаңыз: Биздин сайт -
Instagram - /@politklinika.kg Facebook - /@PolitKlinika Youtube - https://youtube.com/channel/UCSvxLfdf...
Telegram -
TikTok -
ПолитКлиника - коррупциянын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөр, такталган гана маалыматтар!

Смотрите также