Улуу Манас баяны | Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөттүн көргөн түшү | Улукмырза Эркинбеков | Манасчы |

Ыйлап жатып байбиче Уйкуга көзү батканда, Ак сакалдуу бир адам Пайда болду жанында: Барбардигер Теңирим «Ыйлаба» - деди силерди, Мени буйруп жиберди. Аяктай шарап ак алма, Алгын колго, карма - дейт,- Курсагың тойсун жалма - дейт.- Айтканымды бил - деди,- Алтымыш кулач ажыдаар Ат ордуна мин - деди. Түшүндө жеген ак алма Курсагына толуптур. Алдындагы мингени Ажыдаар өзу болуптур. Ачууланып оп тартса, Ай-ааламды соруптур. Ал ангыча ойготуп, Бай Жакып жаткан ордунан Баш көтөрдү козголуп: Кайгырбачы, кемпирим, Кыдыр Алда буюрса, Кайра толоор кемтигиң. Байбиче, билгин ушуну, Кондурат экен Кудайым Башыңа дөөлөт кушуңу. Урматтуу бир түш көрдүм Уктабай бекер уйкуну! Бакдөөлөт анда муну айтат: Мен да жакшы түш көрдүм, Башкача сонун иш көрдүм. Бозала туйгун, боосу жез, Боору кара, мойну кез. Оң колуңа алыпсың, Обону көздөй салыпсың. Байбичеңдин үйүндө, Балдагы алтын туурда Канатын кагып талпынат. Үйдөн туруп талпынса Үйүмдөгү эки куш Кайра качып жалтанат. Аябай малды соёлук, Түлөө өткөрүп коёлук. Жакыптын келди ачуусу: Антип малды не кырам? Мал түгөнүп калган соң, Көргөн түшүң не кылам? Байлык, бакыт мол деген, Биздин тирлик мал менен. Жага жакпас сөз баштап, Куруп кетсин аңгемең. Таарынган токол Бакдөөлөт Бай Жакыпка кеп салды: Не аяйсын, абышка, Колуңдагы көп малды? Дүйнөң арбып, чалаң жок, Жүрөсүң ыйлап, балаң жок, Малың бар да, элин жок, Байкап турсам, өзундүн Эл суроого эбин жок! — Деп Жакыпты жектеди. Макулмун - деп бай Жакып Байбиче уйун беттеди... Жергесинде Жакыптын Жетимиш үйлүү киши экен. Элуу жашка чыкканча, Тогуз жылкы, токсон кой, Уйдан союп жетини, Төөдөн союп экини. Ак түлөө чакырды Он эки уруу кыргызды. Тарттырып элге табакты, Түшүн Жакып бай айтты: Түшүмдө куш алыпмын, Түмөндүү жерге салыпмын. Кукулуктап үн чыкса, Куштан бөлөк үнү бар. Куйрук-башы жалтылдап, Куудан аппак жүнү бар. Алтымыш кулач жибек боо Аягына тагыпмын. Ай мунарын жем кылып, Аябай сыйлап багыпмын. Асмандагы канаттуу Айбатынан уча албайт. Жерде жүргөн аяктуу Желип чыгып кача албайт. Коноорго туур жайлапмын, Алача моюн ак шумкар Ага кошо байлапмын. Кана, журтум, жоруңар Канаты күмүш ак туйгун Качан келип коноорун! Байбичем байкуш түш көрүп, Башкача сонун иш көрүп: Алма жеп, ичи толуптур, Алтымыш кулач ажыдаар Ат ордуна болуптур. Ал эмине болучу, Акылмандар отурсуң, Бул түшүмдү жоручу? Токолум сонун түш көрүп, Үйүндө эки куш көрүп, Боору кара, мойну кез, Болот текөөр, боосу жез, Капшытка туура жайлаптыр, Катыным экөөн байлаптыр. Бул эмине болучу, Муну, журтум, жоручу?.. Жакып бай айтып токтолду, Жар-жоронун баарынан Айтаарга киши жок болду. Аш кайнамга жеткенде, Алардын шайы кеткенде, Акбалта кепти баштады: Бай Жакып түшү түш экен, Оңунан келчү иш экен. Ай тийген жердин баарысын Алат экен балаңыз. Күн тийген жердин баарысын Күтөт экен балаңыз. Алтымыш кулач жибек боо Аягына такканың, Ай мунарын жем кылып, Азем менен бакканың. Алтымыш жашка чыкканча Аким болуп, журт сурап, Алат экен дүйнөнү. Ажыдаарды ат кылып, Байбичең минип жүргөнү - Шол баланын орою Дүнүйө жүзүн сүргөнү. Ажыдаардай айбаттуу Эркек уул эр болуп, Не кыйындын баарысы Эсеп берип, эл болуп, Карайт экен көзүңө. Кара тоодой касиет Конот экен өзүңө... Бакдөөлөттүн түшүнө Байланган эки куш кирсе,- Эки уул төрөйт токолуң Алат экен ал экөө Агасынын орунун. Көкүрөк черин жазгандай Көрүпсүңөр учөөңөр Дүйнөдө түштүн сонунун. — Улукмырза Эркинбеков

Смотрите также