Жаз келип, күн жылыганы менен мезгилдик аллергиясы барлар үчүн кыйынчылык жаралары шексиз. Дем алуусу кыйындап, шишип-көөп, чүчкүрүп-бышкырып калышат. Аллергия жанды кыйнап оорутпаганы менен бир топ ыңгайсыздык жаратып, бушайман кылат. Ошону менен бирге кооптуулугу да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаевден керектүү суроолорго жооп алды.