Токтогул суу сактагычынын артында калган Токтобек-Сай айылында отуздан ашык түтүн жашайт. Он беш жыл мурда электр жарыгы кирген айылда мектеп, оорукана жок. Телефон байланышы айрым жерде гана тартат. Мындагы эл кайык менен Кара-Көл шаарына каттап, тамак-аш ташып, күзүндө балдарын окутуу үчүн шаарга көчүп кетет. "Данисте" берүүсү кайыкка байланган айылдын турмушу менен таанышып келди. _________________________________________ Биздин сайт -
Instagram - / / Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -