ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУ БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ ӨЗГӨРӨТ/ ТУМАНБАЕВ ЖЕРИНЕН БАРЫП ТААНЫШТЫ

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУНДА РЕМОНТ ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ Бүгүн Жети-Өгүз курортунда жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышып чыктым. Бул курорт — өлкөбүздүн гана эмес, жалпы постсоветтик мейкиндиктеги эң белгилүү жана байыркы эс алуу жайларынын бири. Кезинде бул жерге миңдеген туристтер келген. Азыр да анын мүмкүнчүлүгү зор, бирок заман талабына жооп берген шарттарды түзмөйүн, туризм өнүкпөйт. Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун туризмди өнүктүрүүгө багытталган саясаты — өз убагында кабыл алынган жана туура чечим. Себеби дүйнөнүн бардык өлкөлөрү туризмди экономиканын локомотиви катары карап жатышат. Кыргызстан дагы мындан четте калбашы керек. Биз миң жолу “туризм керек, инвесторлор керек” дебейли, эгер турист келгенде таза даараткана таппай, жакшы жол таба албаса, заманбап шарт болбосо — ал кайра келбейт. Ошондуктан азыркы приоритет — шарт түзүү. Президенттин тапшырмасына ылайык, азыр ири туристтик долбоорлордон тартып чакан демилгелерге чейин ишке ашырылууда. Жети-Өгүз курортунун толук жаңылануусу — ошол саясаттын бир бөлүгү. Кудай буюрса, кийинки жылы бул жерди заманбап, ыңгайлуу, экологиялык жактан таза, эл аралык деңгээлдеги курорт кылып бүтүрөбүз. Бул багытта иш уланат. Туризм бул экономикага акча алып келүүчү эң чоң булактардын бири экенин унутпайбыз.

Смотрите также