Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жалпы сметалык наркы 110 миллион еврого бааланган, кубаттуулугу 100 МВт болгон "Куланак" ГЭСнин алгачкы базаларынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бүгүн күндө жалпы сумманын 15 миллиону өздөштүрүлүп, жумушчулар шаарчасы, темир-бетон түйүнү сыяктуу алгачкы курулуштары түптөлүүдө. Бул долбоор өлкө башчысынын гидроэлектростанциялар тармагын өнүктүрүү тапшырмасынын негизинде ишке ашып, аймактын энергетикалык жана экономикалык дараметин күчтөндүрүүгө багытталган.