Транспорт салыгын Mbank аркылуу кантип төлөсө болот

Транспорт салыгын төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөңүз. Бул кыска видеодо биз төлөм Mbank тиркемеси аркылуу транспорт салыгын кантип төлөөнү айтып беребиз. Төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл: мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы көрсөтүү керек. Унутпаңыз, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек: – транспорт каражатына салык; – турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган); – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Бул видео пайдалуу болду деп ишенебиз. Лайк басып, бөлүшүңүз!

Смотрите также