Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Салам, достор! Өтүп кеткен май майрамдарыңыздар менен! Май айы дегенде акыркы коңгуроо, бүтүрүүчүлөр эске келет. Бул өзгөчө ата-эне үчүн түйшүктүү ай) Балам кайсы окуу жайга тапшырат, кандай кесипти тандайт, 1-класска кайсы мектепке барат, окуу жылын кандай баалар менен бүтүрдү, ата-энелер чогулушунда жаман сөз укпасам экен деген сыяктуу санаалар басат. “Аха” командасы алдыдагы бир нече айды ата-энелер менен балдарга арнайт. 19-майда, саат 20:30 бардык ата-энелерди, ата-эне болчуларды) түз эфирге чакырабыз! Заманбап ата-эне көндүмдөрү туурасында сөз кылабыз. Балабыз ийгиликтүү болушу үчун, биз ийгиликтүү ата-эне болушубуз керек! Кызыктырган суроолоруңар болсо, чатка жазгыла, жообун чогуу издейбиз! Эфирден көрүшкөнчө!